ДССУ коронавирустун жаңы штаммы 41 өлкөгө жайылганын билдирди

Аны менен катар башында Түштүк Африкадан чыккан мутация башка алты мамлекеттен да аныкталганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Коронавирустун Британиядан чыккан жаңы штаммы 41 өлкөнүн аймагынан аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен билдирди.
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Андан мурдараак Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги 501.V2 деген аталыштагы коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын кабарлаган.