БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Гиперхолестеринемияны дарылоодо колдонулган флувастатин препараты коронавирусту басаңдатуучу таасир бериши мүмкүн. Немец жана швед окумуштууларынын изилдөөсү тууралуу РИА Новости жазды.
Мындан тышкары, COVID-19 жуктургандардын арасында статиндер препаратынын негизиндеги терапия алгандарда оң натыйжа байкалган.
Илимпоздор кошумчалагандай, изилдөөнүн жыйынтыгы флувастатин коронавирус менен ооруган адамдар үчүн коркунуч келтирбей турганын жана оорудан айыктырууга аз да болсо пайдасын тийгизерин көрсөтүп турат.