Сегизинин көзүнө протез салынат. 5-6-октябрда жабыркагандарга берилген жардам

Сурабалдиеванын тапшырмасы менен октябрь окуяларында жабыркап кайрылгандарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жакынкы күндөрү түркиялык дарыгерлер эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында 5-6-октябрдагы окуяларда көзүн жабыркаткан сегиз кыргызстандыкка протез салышат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматта 5-6-октябрда жабыркагандар өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экени белгиленди.
"Ар бир жабырлануучуга тийиштүү медициналык мекеме бекитилген. Учурда 22 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Ал эми сегизинин көзүнө түркиялык медиктер протез кийгизишет", — дешти өкмөттөн.
Жабыркагандарга берилген башка жардамдар:
Мындан тышкары, Сурабалдиеванын тапшырмасы менен октябрь окуяларында жабыркап кайрылгандарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Алар жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карашат.
"Шайлоодон кийинки ызы-чууда качып кеткен министрдей болбойсуңарбы?" ИИМдин жообу
Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор менен милиция кагылышкан. Жыйынтыгында 1 250 адам жабыркап, анын 279у ооруканага жаткырылган.
5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынып, ал жерде өрт чыккан. Бул окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан.