ИИМ: 5-6-октябрдагы окуялар боюнча үч миңдей киши сурак берип чыккан

Кылмыш ишинин фигуранттарынын аты-жөнү тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкекте 5-6-октябрдагы саясий окуялар боюнча беш кылмыш иши козголгонун журналисттерге ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.
Анын айтымында, суракка үч миңге жакын киши чакырылып, башаламандыктын катышуучулары аныкталган. Суралгандардын арасында саясатчылар, БШКнын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана башкалар бар.
"Шайлоодон кийинки ызы-чууда качып кеткен министрдей болбойсуңарбы?" ИИМдин жообу
Айткурманов Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күбө катары чакырылгандыгын белгиледи.
Бул окуялар боюнча кылмыш ишинин фигуранттарынын ысымы тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айтылган жок.
Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор менен милиция кагылышкан. Түндө Жогорку Кеңештин имараты басып алынып, ал жерде өрт чыккан. Бул окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан.