Дзюдочу Юрий Краковецкий Дохадагы рейтингдик мелдешке аттанат

Кыргызстандык балбан 100 килограммдан жогору салмактагылар менен күч сынашат. Спортчуну машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдо күрөшүнүн чебери Юрий Краковецкий Доха (Катар) шаарында өтүүчү Doha Masters эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызга намыс алып берген уул-кыздар. Спортчулардын бир жыл ичиндеги ийгилиги
Кыргызстандык балбан 100 килограммдан жогору салмактагылар менен күч сынашат. Спортчуну машыктыруучусу Сергей Мистрюков коштоп барат.
Алар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен жөнөтүлүп жатат.