БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасында (ТАР) табылган коронавирустун жаңы штаммы окумуштууларды бир топ тынчсыздандырып жатат. Бул тууралуу New Zimbabwe порталы жазды.
Вирус Улуу Британияда табылган штаммдан дагы жугуштуураак болушу мүмкүн экени айтылууда.
"COVID-19дун жаңы варианты Улуу Британияда табылган штаммга салыштырмалуу жугуштуу келип, вакцинага туруштук бериши мүмкүн. Ошондой эле Британиядагы штаммдан биринчи мутация болгону божомолдонуп жатат", — деп жазылат кабарда.
Учурда жаңы штамм тыкыр иликтенүүдө, окумуштуулар кененирээк маалыматты бир нече күндөн кийин гана бере аларын белгилешти.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Африкада табылган 501.V2 штаммы алты өлкөгө тарап кетти. Ал эми Улуу Британиядагы штамм 41 өлкөнүн жарандарынан аныкталды.