БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабында жашаган тургундар адаттагыдан тыш катуу чыккан үндү угушту.
"Бишкек сегодня" Telegram-каналынын колдонуучуларынын айтымында, окуя саат 03:00дөр чамасында болгон. Белгисиз үн башка социалдык тармактарда дагы талкууланган.
Соцтармак колдонуучулары катуу үн шаардын борборуна жана башка аймактарына угулгандыгын айтышууда, айрымдар аны Бишкек ЖЭБинен чыккандыгын божомолдошкон.
"Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы кооптонууга негиз жок экендигин айтууда, анткени буунун чыгышы ЖЭБдеги кадимки өндүрүштүк процесс. Жылуулук борбордон чыккан буунун ылдамдыгы секундасына 7-11 метрди түзгөн.
"Мындан улам катуу үн чыккан. Анан да шаар уйкуда болуп тынчтык өкүм сүрүп жаткан учурда үн алда канча катуу угулду окшойт", — деп жооп берди ишкананын өкүлү.
Учурда бардык жабдыктар кадимки шартта иштеп жатканы, "Электр станцияларына" туташылуу экени айылды.