БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. АКШлык жаран, республикачыл конгрессмен Кевин Брэйди Pfizer вакцинасын алгандан кийин COVID-19 менен ооруп калган. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазган.
Ал эмдөөдөн декабрь айында өткөндүгүн жазган.
"Эл өкүлдөр палатасынын дарыгери бүгүн тапшырган тесттен COVID-19 чыкканын билдирди. Сунуштардан улам 18-декабрда Pfizer вакцинасын алган элем. Ал эми жакында эле, Жаңы жылдын алдында тест тапшырганымда коронавирус чыкпагандыгын айтышкан", — деп жазган Брэйди.
Саясатчынын айтымына караганда, ал 7-январдан тарта дарылана баштайт. Учурда эл өкүлү карантинде.
АКШда Pfizer жана Moderna вакциналарын алуу иштерине уруксат берилген. 4-январда препаратты 4 млн. 225 756 адамдын сайдырганы кабарланган. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 13 млн. 71 925 доза бөлүнгөн. Өткөн жылдын аягына чейин 20 миллион адамдын аталган вакцина менен эмделе турганы жазылган.
5-январда Норвегияда карылар үйүндөгү эки адамдын Pfizer/BioNTech вакцинасын алгандан кийин көз жумганы кабарланган. Адистер өлүмгө вакцинанын себепкер болгон-болбогондугун тактап жатышат.
Январда Португалияда медициналык кызматкер Pfizer/BioNTech сайдыргандан соң каза тапкан. Анткен менен ал эмдөө алып жатканда андан кийин кыйналып же ооруганын айткан эмес.