Жалал-Абаддагы абакка 40 миң рубль киргизүүгө аракет кылган аял кармалды

Колго түшкөн 30 жаштагы аял абакта жаза өтөп жаткан жарандык никедеги жолдошуна жолугуу үчүн мекеменин жетекчилигинен уруксат алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы №10 абакка 40 миң рубль жана 1300 сом алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-январь күнү кызматкерлер тарабынан кармалган аял 17 жылга эркинен ажыратылган жарандык никедеги жолдошуна жолугуу үчүн абак жетекчилигинен уруксат алган.
"Абактын тинтүү бөлмөсүнөн текшерген учурда аялдын койнуна катылган кара түстөгү баштыкчанын ичинен 40 миң рубль жана 1300 сом табылган. Топтогон материалдар маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда жогорудагы факт боюнча сотко чейинки териштирүү башталганы кабарланды.