БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү дагы иштейт.
Буга чейин 7инчи жана 8-январь жумуш эмес, 9-10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган.
"Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тартибине жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 7-январдан 10-январга чейин саат 9:00дөн 20:00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат", - дешти Мамкаттоодон.
ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана "Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.