Радио

Төлөгөнов: кургак учук менен ооругандарды кодулоо токтой элек

USAID программасынын "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун адиси Темир Төлөгөнов аталган проект калк арасында туберкулез тууралуу 2-3 жылдан бери маалымат берип келерин айтты.
Sputnik
Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттер ассоциациясынын 1570тей саламаттык комитети бар. Аларда 12 миңден ашык ыктыярчы мурдатан бери эле элге кургак учук тууралуу маалымат берип келет. Биз канчалык аракет кылып, түшүндүргөнүбүзгө карабай ооруган адамдарды кодулоо дагы деле болуп жатат. Бул тууралуу Темир Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кургак учукту натыйжалуу жеңүү үчүн бейтаптарга мамлекет жана үй-бүлө тарабынан колдоо болушу керек.
"Биздин өлкөдө дагы деле кургак учук менен ооругандарды кодулоо бар. Бул биринчи кезекте адамдардын илдет тууралуу маалыматынын аздыгынан улам болууда. Кандай жол менен жугат, айыгабы же айыкпайбы, дарылоо ыкмалары тууралуу кабардар эмес. Туберкулез менен ооруп калуу өлүмгө барабар, илдет тукум кууйт деген түшүнүктөр бар. Билбестиктен коркунуч жаралат. Алсак, кургак учук менен ооруп дарыланып, кийин башка адамдарга жуктурбай калган учурда дарыланууну үйдөн улантууга жиберебиз. Анда обочолонууга негиз жок. Муну билбеген кошуналары ал адамга же үй-бүлөсүнө жолобой, бөлүп, туугандары да катташпай калат. Айрым учурларда үй-бүлө да бузулат. Биздин долбоор жазында изилдөө жүргүзүп, мындай көрүнүштөр көп экенин байкадык. Кээде колдоонун жоктугунан дарыланууну таштап салган учурлар кездешет. Бул илдеттин дарыга туруктуу болуп калуусуна алып келет", — деди Төлөгөнов.
Адис "Кургак учукту айыктыруу" долбоору бейтаптарды дарылоону жана аларга болгон мамилени жакшыртуу, дарыгерлердин кагаз иштерин азайтуу чараларын көрүп жатканын кошумчалады.