Бир суткада коронавирус 124 кишиден табылды. Өлүм катталган жок

Азыркы тапта стационарларда 888 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 241и оор абалда болсо, 47 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 124 кишиден табылып, 227 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Бактыга жараша, өткөн суткада өлүм учуру катталган эмес.
Пандемияда кайсы облустун тургундары көбүрөөк стресске кабылды
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкө боюнча 81 512ге жетти. Анын ичинен 76 955 бейтап айыгып, оору жалпы 1360 кишинин өмүрүн алды.
Азыркы тапта стационарларда 888 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 241и оор абалда болсо, 47 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Медиктердин ичинен бир суткада коронавирус жуктуруп алган үч учур катталган. Анын бирөө Бишкек шаарынан болсо, экөө Чүйдөн.