Адамдын өпкөсү болушу мүмкүн эле. Бишкек тургуну аба тазалагычтын сүрөтүн көрсөттү

Сүрөттү жарыялаган кишинин айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Facebook тармагынын колдонуучусу Philipp Reichm өзүнүн баракчасына батиринде эки айдан бери иштеп турган аба тазалагычтын сүрөтүн жарыялады.
Анын айтымында, үйү шаардын борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
"Бишкектеги эки ай. Бул силердин өпкөңөр болуп калышы мүмкүн эле", — деп жазылат постто.
Бишкекке экологиялык өзгөчө кырдаал киргизүү сунушуна Түлөбаев жооп берди
Сүрөттө эки фильтр көрсөтүлгөн. Бири жаңы, экинчиси колдонулуп, ыштан карарып кеткен.
Белгилей кетсек, суук түшкөндөн бери Бишкек шаарын жана анын тегерегиндеги конуштарды коюу ыш каптап турат.
Буга чейин адистер шаардагы ыш көптөгөн ооруларды пайда кыларын айткан. Мисалы, кара түтүн өпкөдөн ылдый жайгашкан көк боор, ашказан, өт сыяктуу органдардын ишин бузат.