Бишкектин мурдагы вице-мэри эки айга тергөө абагына камалды

Ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри 28-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган Бишкек мэринин мурдагы орун басары Мирлан Амантуров эки айга камакка алынды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди.
Чүй облустук ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов кармалды  
31-декбарда райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык, мурдагы вице-мэр 28-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Мирлан Амантуров 29-декабрда ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип кармалган.
Ал Бишкек мэринин орун басары болгонго чейин "Бишкек асфальт сервис" ишканасында эмгектенген.