Каникул учурунда балдар үчүн өтө турчу иш-чаралар. Тизме

Балдар жана өспүрүмдөр 4-январдан 13-январга чейин "Диалог", "Жаштык" маданият үйлөрүнө барып концерт көрүп, интеллектуалдык оюн, мастер-класстарга катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкекте 4-январдан 13-январга чейин балдар жана өспүрүрүмдөр үчүн көңүл ачуу жана таанып-билүүгө арналган иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабрлады.
Ага ылайык, балдар үчүн иш-чаралар "Диалог" жана "Жаштык" маданият борборлорунда уюштурулат.
Иш-чаралардын графиги:
Мындан сырткары, мэриядан улгайган адамдар үчүн 5-12-январга чейин Биринчи май жана Ленин райондук карылар үйлөрүндө "Достук үнү" этнофольклордук ансамбли концерт кое турганын кошумчалашты.