Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин тапшырып, кайра Мамашова шайланды

Мамашова ушуну менен фракция лидерлигине экинчи ирет шайланып жатат. Бул орунга алгачкы ирет 2019-жылдын декабрь айында дагы бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракция жетекчилигин өз ыктыяры менен тапшырып берди. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.
Текебаевдин калчанган мандаты: шаардык сот буга чейинки чечимди өзгөрткөн жок
Белгилей кетсек, Мамашова ушуну менен фракция лидерлигине экинчи ирет шайланып жатат. Бул орунга алгачкы ирет 2019-жылдын декабрь айында дайындалып, кайра узаган жылдын октябрь айында Текебаев мандат алгандан кийин өткөрүп берген эле.