Апта ирмеми: отко жылынган мигранттардан Пакистандагы карга чейин

Sputnik

Улуу Британия 47 жылдык мүчөлүктөн кийин Европа союзунан чыкты. Өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон Brexit чечиминин жыйынтыгы боюнча Европа биримдиги менен соода келишимине кол койду.

Буэнос-Айресте (Аргентина) бойдон алдырууну мыйзамдаштыруу талабы менен нааразычылык акциясы өттү.

"Белла" бороонунан соң Франциянын Порсподер шаарында 30 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калды. Беш департаментте метеокоопсуздуктун кооптуу деңгээли жарыяланган.

Апта ирмеми: танго бийлеген жуптардан велосипедчен аял Санта-Клауска чейин
Портленддин (АКШ) борборунда жаш афроамерикалыктын полиция тарабынан өлтүрүлүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган нааразычылык акциялар өтсө, Рио-де-Жанейродо (Бразилия) деңиз кудайы Йемайинин урматына майрам белгиленди.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана коомчулуктун өкүлдөрү кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттукташты

Пакистандын Ланди-Котал шаарында алгачкы ирет кар жаады.

1 / 15
Аргентина сенаты бойдон алдырууну легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин аны талап кылган демонстранттар.
Буга чейин зордуктоо учурларында, ошондой эле эненин же түйүлдүктүн өмүрүнө коркунуч келтирилген учурда гана операцияларга уруксат берилген.
2 / 15
"Белла" бороон-чапкыны учурунда Франциянын Порподерге жакын жердеги деңиз жээгиндеги бийик толкундар.
Кырсыктын кесепетинен 30 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган. Беш департаментте метеорологиялык коркунучтун кооптуу деңгээли жарыяланды.
3 / 15
Фигурист-спортчу Александра Трусова Челябинскиде өтүп жаткан Россия чемпионатында аялдардын жалгыздап муз тебүү түрүндө эркин программасын аткарып жатат
4 / 15
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Европа биримдиги менен соода келишимине кол койгондон кийин.
Лондон менен Брюсселдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү талкуу бир нече айга созулду. Британия 47 жылдык мүчөлүктөн кийин ЕБдин курамынан чыккан.
5 / 15
Гавайидеги Сансет Бич деңиз жээгиндеги серфинг чебери
6 / 15
АКШнын Портленд шаарынын борборунда митингчилер менен полициянын кагылышуусу. Полициянын жаш афроамерикалыкты өлтүргөнүнө түшүндүрмө талап кылып ондогон адам нааразычылык акциясына чыккан.
7 / 15
Пакистандын Ланди-Коталесинде биринчи ирет кар жааган күнү кар киши менен турган адам
8 / 15
Россиянын Красноярск аймагындагы Мана дарыясынын эрип жаткан көрүнүшү
9 / 15
Америкалык ырчы Женнифер Лопестин жаңы жыл алдында Нью-Йорктогу Таймс-Скверде ырдап жаткан чагы
10 / 15
Бразилиянын Рио-де-Жанейросунда деңиз кудайы Йемайинин майрамы учурунда сыйынып жаткан аял
11 / 15
Кыргызстан президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жана коомчулуктун өкүлдөрү Жаңы жыл учурунда элди куттукташты
12 / 15
Босниядагы Бихачка жакын жердеги Липа лагеринде жалындаган отко жылынып жаткан мигранттар
13 / 15
Бангкоктогу (Таиланд) Чао-Прайя дарыясынын үстүндө жаңы жылдык фейерверк
14 / 15
Нью-Делиде (Индия) батып бара жаткан күндүн тушунда устунда конуп турган карга
15 / 15
2020-жылдагы акыркы ай толгон учурдун Лос-Анджелестин (АКШ) Сан-Габриэл тоолорунун үстүндөгү көрүнүшү