Ташиевдин уулун Испаниянын футболдук клубу аңгемелешүүгө чакырды

УКМК төрагасы уулу Испания чемпиондугунун Жогорку лигасында ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болоруна ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын Ла Лигасында ойной турган "Леванте" футбол клубу аңгемелешүүгө чакыруу алды. Бул тууралуу футболчунун атасы өзү Facebook баракчасына жазды.
Ташиев уулу Испания чемпиондугунун жогорку лигасында ойногон алгачкы кыргыз футболчусу болоруна ишеним арткан.
"Кичүү балам Эмир-Хан "Паоло Росси" академиясында 1,5 жыл окуган, кийин Италия "Б" сериясында "Перуджа" командасы менен жарым жыл ойноду. Эми аны "Леванте" футбол клубу аңгемелешүүгө чакырып жатат. Чет өлкөгө биринчи жолу менсиз чыгат", — деп жазган УКМК төрагасы.
"Леванте" — 1909-жылы негизделген Валенсия шаарындагы профессионалдуу футбол клубу. Өткөн сезондо команда Испания чемпионтанда 12-орунду алган.
Ла Лига — Испаниянын футбол чемпионатынын Жогорку лигасы, ал дүйнөдөгү күчтүү лигалардын бири болуп саналат.