БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, күйүк алган 11 киши Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилген.
"Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат", — дешти ӨКМден.
Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлдү. Ал эми санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулат.