Президенттикке талапкерлер 105 млн. сом коротушту. Тизме

Мамлекетти башкарам деген ниет менен саясий жарышта 17 киши ат салышууда. Талапкерлер шайлоо учурунда бардык чыгымдарды шайлоо фондунан гана алып жабышы керек. Жумшала турган каражаттардын эң көп делген суммасы 200 миллион сомдон ашпаш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 31-декабрга карата президенттикке талапкер болгондордун шайлоо фондундагы каражаттардын чыгымдалышы боюнча маалыматты жарыялады.
Бул бүгүнкү күнгө, 4-январга карата берилген сандар. 17 талапкердин фондуна 114,2 миллион сом келип түшсө, алардын 105,4 миллион сому сарпталган.
Талапкерлер боюнча маалыматтар төмөнкүчө (сом менен):
Баарыныкы биригип 114 258 464 сом, пайдаланылганы — 105 470 992 сом.

Маалымат булагы: Кыргызстандын БШКсы

БШКнын маалымат кызматы банктык же башка мекемелер талапкерлердин атайын эсебине түшкөн жана андан алынган акчалар боюнча ар бир аптада маалымат берип турууга милдеттүү экендигин айтты. Аны БШК расмий сайтына жайгаштырууга тийиш.
Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист уруксат алды
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Мамлекетти башкарууга мүмкүнчүлүк бере турган саясий жарышка 17 киши ат салышууда.
Талапкерлер аталган саясий өнөктүк учурунда бардык чыгымдарды шайлоо фондунан гана алып жабышы керек. Жумшала турган каражаттардын эң көп делген суммасы так айтылбаганы менен, анын чеги 200 миллион сомдон ашпаш керек.