БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу Brave Combat Federation (Brave FC) промоушениндеги кезектеги беттешине Дагестанда россиялык UFC мушкери Магомед Анкалаев менен бир залда машыгып жатат. Бул тууралуу мушкер өзү билдирип, машыгуудан кийин россиялык спортчу менен бирге түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына койгон.
Кыргызстандык мушкер ММА спортундагы карьерасында 18 беттеш өткөрүп, 15 жолу уткан, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми атаандашы 16 беттештин 12син уткан. Төрт жолу жеңилген.
Эске сала кетсек, UFC уюмунун жарым оор салмагында күч сынашкан россиялык Магомед Анкалаев алты беттешке чыгып, бешөөсүн уткан.