БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 42-орунга жайгашты. Бул тууралуу futsalworldranking сайтына жарыяланган рейтингде айтылат.
Амиржан Муканов башында турган улуттук команда 1071 упай топтоп, эки сапка жогорулаган.
Рейтингдеги алдыңкы ондукта Испания, Бразилия, Аргентина, Россия, Португалия, Иран, Казакстан, Италия, Парагвай жана Хорватия турат.
Тизмеде Азиядагы курамалардын арасында Кыргызстан 7-катарда. Алдыда Иран (дүйнөлүк рейтингде 6-орун), Япония (16), Таиланд (17), Өзбекстан (28), Австралия (31) жана Ливан (40) турат.
2021-жылы өтүүчү Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук командасы Япония (дүйнөдө он алтынчы, Азияда 2-орун), Ливан (дүйнөдө 40ынчы, Азияда алтынчы орун) жана Кувейт (дүйнөдө 43үнчү, Азияда сегизинчи орун) командалары менен бир тайпада ат салышат.
Эске салсак, континенталдык чемпионат 2021-жылдын 23-мартынан 3-апрелге чейин өтөт.
Улуттук команда Азия биринчилигине даярдыктын алкагында ноябрь айында Ташкент шаарында Өзбекстан жана Тажикстан менен жолдоштук беттештерди өткөргөн.