Казакстанда тоңуп калган кыргызстандык айдоочуларды полиция куткарып калды

Инспектордун айтымында, унаасы жүрбөй жолдо түнөп калган эки айдоочу жардам күтпөй түңүлүп калышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандык полицейлер Павлодардын жолунда тоңуп турган кыргызстандык айдоочуларды куткарып калышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, Павлодар — Нур-Султан жолун күзөтүү учурунда полиция кызматкерлери кыргызстандык айдоочулардын жүк ташыган унаасынын соляркасы тоңуп жолдо калганын көрүшкөн.
"Биз алардын жанына келсек, айдоочу шериги менен жардам күтпөй түңүлүп калыптыр. Алар суукка тоңуп калгандыктан денесин үшүк алып кетүү коркунучу бар эле", — деди инспектор Жаксылык Байысбеков.
Айдоочулар Россиядан Кыргызстанга сапар алышкан. Бирок окуядан улам бир түн жолдо калышканы айтылды.
Жол инспекторлору тоңуп калган жарандарды жакынкы кемпингге жөнөтүп, фураны Шидерти айылындагы жылуу бокска алып барышкан. Транспорт жылыгандан кийин айдоочулар полиция өкүлдөрүнө ыраачызылык билдирип жолун улашкан.
"Кесиптешим Азамат Шакшабаев экөөбүз айдоочуларга саат сайын телефон чалып абалын билип турдук", — деди Байысбеков.
Аймактарда суук -25 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы
Павлодар облусунда аба ырайы суук болуп кеткенине байланыштуу 2-январдан тарта дизель майы менен жүргөн унааларга, коомдук транспорттун жүрүүсүнө чектөө киргизилген.
Айдоочулар Казгидрометтин эскертүүсүнө карабастан жолго чыгып алышкан. Алар жүктү убагында жеткирүү керек болгондуктан ушундай кадамга барышканын билдиришти.