2020-жылда Instagram тиркемесиндеги эң популярдуу посттор аталды

Жыл ичинде колдонуучулардын "жакты" деген билдирүүлөрүн чогулткан посттордун лайктары 19 миллиондон ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Instagram тиркемесинин аналитиктери 2020-жылдагы эң көп лайк чогулткан популярдуу постторду аныктады. Бул тууралуу Billboard маалымат булагына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Биринчи орунга футболчу Криштиану Роналду чыкты. Анын ноябрда легендарлуу футболчу Диего Марадонанын каза болгону тууралуу чыгарган постун 19,7 миллион киши "жакты" деп белгилеген. 
Өткөн жылы популярдуулугу боюнча экинчи катарга актер Чедвик Боузмандын расмий баракчасына анын 43 жашында рак илдетинен каза болгону тууралуу жазылган пост чыгып, 19,1 миллион лайк чогулткан. 
Алдыңкы үчтүккө футболчу Лионель Месси да кирген. Испаниянын "Барселона" клубунун капитаны да Диего Марадонанын каза болгонун эскерип, аны менен чогуу түшкөн сүрөтүн койгон пост чыгарган. Бул билдирүүнү 16,4 миллион киши "жакты" деп белгилеген. 
Эң популярдуу посттордун тизмесине теле жылдыз Кайли Дженнер да кирген. Анын рэпер ырчы Трэвис Скотт экөө биргеликте өстүрүп, тарбиялап жаткан кызы Сторми менен түшкөн сүйкүмдүү сүрөтү 16 миллион кишиге жаккан. 
Баскетболчу Леброн Жеймс бешинчи сапка чыкты. Анын легендарлуу оюнчу Коби Брайантты эскерген постун 15,4 миллион колдонуучу "жакты" деп баалаган.