Аппак тоонун чокусундагы вулкандын түтүнү менен чаңы. Таң калтырган видео

Кардын алдында жаткан сицилиялык Этна жанар тоосу өзүнө жакын жайгашкан Катания шаарынын жашоочуларын жакында эле бир топ түйшөлттү.
Sputnik
Так жана даана тартылган видео RT телеканалынын YouTube каналына жайгаштырылган.
Европадагы эң бийик жанар тоо козголду. Видео
Италиянын вулканология жана геофизика боюнча улуттук институтунан өткөн жылдын 21, 22-декабрында Этнанын түштүк-батыш тараптагы кратеринде жанар тоонун активдүүлүгү байкалганын билдиришти.
Этна стратовулканы Европадагы ири жанар тоонун бири, узундугу 3 320 метр. Планетадагы активдүү вулкандардын ана башында турат. Этна акыркы жолу 2018-жылы атылган.