Инфекционист дүйнө коронавирусту качан жеңерин айтты

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жугузгандардын саны 85 миллиондон ашты. Адис бул вирусту адам баласы дагы эки жылдан кийин гана жеңе аларын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эгер вакцинация жүргүзүлүп, вируска каршы дары-дармек иштелип чыкса, коронавируска байланыштуу абал дүйнө жүзүндө 2022-жылдын соңунда жакшыра баштайт. Мындай пикирин Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Ирина Шестакова РИА Новости агенттигине билдирди.
"Эгер эл вакцина алып, вируска каршы күчтүү препараттар чыкса, 2022-жылдын ортосунан өтүп, аягына чейин коронавирус азыркыдай актуалдуу болбой калат деп ойлойм", — деди Шестакова.
Биолог COVID-19дун жаңы штаммдарына вакцина кандай таасир этерин айтты
Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы бир нече өлкөдөн табылганы маалымдалды.
Ал эми вирус жугузгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 85 миллиондон ашты.