Бийлик 2019-жылы ипотека алган жарандардын пайыздык ченин төмөндөтөт

Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. 2019-жылдын 1-октябрына чейин мамлекеттик ипотека боюнча кредит алган жарандар үчүн пайыздык чен жылына 6–8 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.
"Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарт түзүү маанилүү. Ошондуктан өкмөт тарабынан "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасына берилген кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деңгээлин төмөндөтүүсү керек", — деди Новиков.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташтыруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген кредиттерди кайрадан карап чыгуу жана пролонгациялоо боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды.