Тосмосу алынган Ак үйдүн жанына жол чырак орнотулду. Сүрөттөр

Аскар Акаевдин президенттик доорунда коюлган Ак үйдүн тосмолорун алуу чечими октябрдагы окуядан кийин кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкекте Ак үйдүн жанынан өткөн Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине жол чырак орнотулду.
Эми Панфилов көчөсү менен Ак үйдүн чыгыш тарабынан ылдыйды көздөй Фрунзе жана Жибек Жолу көчөлөрү тарапка өтүүгө болот. Бул жерди буга чейин аталган имараттын тосмосу жаап турган.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы светофор орнотулуп, иштеп жатканын билдирди.
1 / 4
Бишкекте Ак үйдүн жанынан өткөн Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине жол чырак орнотулду.
2 / 4
Эми Панфилов көчөсү менен Ак үйдүн чыгыш тарабынан ылдыйды көздөй Фрунзе жана Жибек Жолу көчөлөрү тарапка өтүүгө болот.
3 / 4
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы светофор орнотулуп, иштеп жатканын билдирди.
4 / 4
Кайгуул милиция кызматы Панфилов көчөсү боюнча өтмөк ачылгандан кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы тыгындарды алдын алуу үчүн жол чырак орнотулгандыгын белгиледи.
Кайгуул милиция кызматы Панфилов көчөсү боюнча өтмөк ачылгандан кийин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы тыгындарды алдын алуу үчүн жол чырак орнотулгандыгын белгиледи.
Аскар Акаевдин президенттик доорунда коюлган Ак үйдүн тосмолору өткөн жылдын ноябрь айында алынган. Бийлик эл алдында ачык-айкын болууну убадалап, ушундай кадамга барган.
Тосмонун 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун тизмеси жазылган такта илинген бөлүгү алынган эмес. Алар тарых үчүн ушул жерде калтырылган.