Жаңы жылдык фейерверк — бир гана балдар үчүн эмес, чоңдорго дагы кубаныч тартуулап, жүрөктү булкуган жагымдуу окуя.
Бул жолу Бишкек мэриясы пандемияны эске алуу менен үнөмдөө максатында салюттан баш тартты. Бирок дүйнөнүн башка шаарларында адаттагыдай эле асманды кызыл-тазыл жарыктар боеду.