БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Балык уулоо учурунда балыкчылар кырсыкка кабылбашы үчүн муздун калыңдыгы 10 сантиметрден калыңыраак болушу керек. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Адатта ар бир аймакта ондогон адамдар топтоло турган балык уулоого ылайыкташкан жерлери болот. Бир эле өтмөктө муз таза сууга 10 сантиметр, туздуу сууга 15 сантиметр калыңдыкта сакталат", – деп айтылат анда.
Балык уулоону пландаштырууда аба ырайын эске алуу керек. Эгер абанын температурасы нөл градустун тегерегинде болуп, ал үч күнгө созулса, муздун бекемдиги төрттөн бирге азаят.
Куткаруучулар дагы бир кооптуу жагдайды белгилеп кетишкен. Эгер балыкты чатыр тигип алып кармап жаткан учурда муз жарылып кетсе коопсуз жайга чыгуу кыйынга турушу мүмкүн.