БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата 15 үгүт тобу каттоодон өттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-январына карата БШК 10-январда өтө турган бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган "макул", "каршы", "бардык варианттарга каршы" деген 15 үгүт тобун каттады. Алар:
2020-жылдын 28-декабрынан тартып 2 телерадио уюмунда – КТРК менен "ЭлТР" МТРКда референдумга коюлган маселелер боюнча үгүт топторунун дебаттары жана жекече чыгып сүйлөөлөрү өткөрүлүүдө.
Мурда БШК катталган үгүт топторунун ортосунда теледебат өткөрүү үчүн акысыз эфир убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак уюштурган.
Чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлгөн эфир убактысына ылайык, КТРК телеканалында үгүт топторунун кезектеги дебаттары 2021-жылдын 4-5-январында өтөт, эфир убактысы – саат 20:00дөн 22:00гө чейин.
"ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун дебаттары 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) өткөрүлөт, эфир убактысы – саат 19:00дөн 20:30га чейин.
Ошондой эле "ЭлТР" МТРКда үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 4-5-январына каралган, эфир убактысы – саат 22:05тен 23:30га чейин.
КТРК телеканалында үгүт топторунун жекече чыгып сүйлөөлөрү 2021-жылдын 6-январынан 8-январына чейин (кошо алганда) каралган, эфир убактысы – саат 22:30дан 23:30га чейин.
Дебаттардын жана чыгып сүйлөөлөрдүн графиги тууралуу төмөнкү шилтеме боюнча кененирээк маалымат аласыз.