Аймактарда суук -25 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

Өтүп бара жаткан аптага салыштырмалуу келе жаткан жума суук боло турганы божомолдонууда. Алсак, Нарын шаарында абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу билдирүү таратты.
Билдирмеге караганда, өтүп бара жаткан аптага салыштырмалуу келе жаткан жума суук боло турганы божомолдонууда. Алсак, Нарын шаарында абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөйт.
3-январдан 7-январга чейин Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январь күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.
Кылычын кайраган кыштын керемети. Бишкектин 12 сүрөтү
Ысык-Көл облусунда 6-январь күнү кар түшүшү божомолдонууда. Башка күндөрү аба ырайы бузулбайт. Нарында 3-6-январга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 7-январда кар жаашы ыктымал.
3-январда көпчүлүк аймактарга туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.