АКШда турак үйдүн үстүнө учак кулады. Каза болгондор бар

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык болгон жерде учкуч менен эки жүргүнчү көз жумган. Башка жабырлануучулар боюнча айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. АКШнын Мичиган штатында турак үйдүн үстүнө чакан учак кулап, үч киши каза болду. Бул тууралуу Fox 2 телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык болгон жерде учкуч менен эки жүргүнчү көз жумган. Ал эми үйдүн жашоочулары чыгып кетүүгө жетишип, аман калышкан.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат. Башка жабырлануучулар боюнча айтылган жок.