Жалал-Абадда 300дөй адамдын митингге чыкканы боюнча УКМК комментарий берди

Митингчилер башаламандыкта жараат алып каза болгон адамдын өлүмүнө күнөөлүү делип кармалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына 300гө жакын адам нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, акцияга чыккандар Кербен шаарында 7-октябрдагы башаламандыкта жаракат алып каза болгон Уланбек Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө абагына камакка алынган эки адамды үй камагына чыгарууну талап кылышкан.
Алар мындан сырткары Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев менен райондук милициянын башчысы Шекербек Тангировдун кызматтан кетишин жана жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышууда.
Лейлекте ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды. Сүрөт
Митингчилердин алдына чыккан УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчиси тергөө мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатканын, иш көзөмөлдө экенин билдирген.
Белгилей кестек, 7-октябрда Аксы районунун акимин кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган.