БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. 31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгондугу айтылды.
Бул окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында кыргызстандык жаран кармалган.
Бул окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында кыргызстаныдк жаран кармалган
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Такталгандай, кармалган адам эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак болгон", — деп айтылган маалыматта.
Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган.
Ал УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып жатат.