БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы Түркияда 15 адамдан табылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлаганын РИА Новости жазды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы табылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылып жатканын жакында эле кабарлаган.
Анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон.