Баткен: абакка нашааны психдиспансер аркылуу алдырууга камынып... Сүрөт

Милицияга 30-35 жаш курагындагы кишинин телефон аркылуу Токтогулдан Баткенге ири көлөмдөгү баңгизатка буюртма бергени боюнча маалымат түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Убактылуу кармоо абагында отурган кишиден психдиспансердеги бейтап аркылуу алдырган баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
1 / 2
Убактылуу кармоо абагында отурган кишиден психдиспансердеги бейтап аркылуу алдырган баңгизат табылды
2 / 2
Мыйзамсыз айлантылган баңгизаттары боюнча кызматка 30-35 жаш курагындагы эркек кишинин телефон менен Токтогул районунан Баткенге ири көлөмдөгү баңгизатка буюртма бергени боюнча маалымат түшкөн
Мыйзамсыз айлантылган баңгизаттары боюнча кызматка 30-35 жаш курагындагы эркек кишинин телефон менен Токтогул районунан Баткенге ири көлөмдөгү баңгизатка буюртма бергени боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 267-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде кылмыш иши козголгон.
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
Аталган кылмышка катыштыгы бар деп убактылуу кармоо жайында отурган Баткен облусунун 32 жаштагы тургун шектелүүдө. Маалыматта аталган затты Жалал-Абад облусундагы психдиспансерде мажбур түрдө дарыланып жаткан адам аркылуу алдырганы боюнча айтылган.
Тергөө маалында Токтогул районунан ишке катыштыгы бар деген бир адам кармалып, анын жанынан 3,6 кг. нашаа табылган.
Учурда милициянын бул ишке дагы кимдердин тиешеси бар экендигин аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.