БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы теледебатынын экинчи туру 6-январда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) бекиткен графигинде көрсөтүлгөн.
Алгач 18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Ага ылайык экинчи тур 6, 7, 8-январь күндөрү саат 20:00дө түз эфирден көрсөтүлөт.
Ал ортодо Рашид Тагаев жарышка катышуудан баш тартып, 7-январда бешөө чыкмай болду.
Теледебаттардын графиги:
6-январь (шаршемби):
7-январь (бейшемби):
8-январь (жума):
Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга (саат 8.00) чейин уланат.