Россиядагы эң толук аял эки жылда 150 килограммга арыктады. Сүрөт

Аялдын салмагы мындан эки жыл мурда 280 килограммга чыкчу. Ошондо дарыгер ага 70 килограммга чейин арыктоо милдетин койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Россиядагы эң толук аял деп айтылып келген Наталья Руденко журналисттерге салмагын кантип 150 килограммга чейин түшүргөнүн айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости V1.RU порталына шилтеме берүү менен жазды.
Анын салмагы мындан эки жыл мурда 280 килограмм чыкчу. Ошондо дарыгер ага 70 килограммга чейин арыктоого милдеттендирген.
Хирургиянын жардамы менен Руденко биринчи жылы 100 килограммга арыктаса, андан кийин дагы 50 килограмм ашыкча салмактан арылган.
"Башында мен арыктап жатканыма ишенген эмесмин. Таразага түшкөн сайын салмагым азайгандан азая берди. Бирок аны түшүнүү кыйын болду", — деп жылмайган Руденко.
Деген менен ал бир топ кыйынчылыкты башынан өткөргөн. Кээде ачууланып, баарын таштап салгысы келип жана салмагы кайра кошулуп кеткен учурлар болгонун айтат. Бирок Руденко ар бир килограммы азайган сайын өзүнө болгон ишеними жогорулай баштаганын белгилөөдө.
Ал дагы 50 килограмм арыктаса койгон максатына жетет.