31-декабрда атылган фейерверктерден чочуган кара чыйырчыктар кырылып калганын RomaToday кабарлаган.
Адистер канаттуулар катуу корккондуктан жүрөгү жарылып өлгөн деп айтышууда.
Жаныбарларды коргоо боюнча иш алып барган эл аралык уюм да буга фейерверк себепчи болгон деп айтып жатат.
"Чымчыктар корккондуктан кырылып калган болушу керек. Алар электр зымдарына конуп отурган жерлеринен катуу үндөн чочуп, бири-бири менен кагылышып же терезелердин айнегине урунуп да өлүшү мүмкүн. Эмнеси болсо да алардын жүрөгү жарылып кеткендигин эстен чыгарбаш керек", — деген аталган уюмдун маалымат катчысы Лоредану Диглио.
Италияда петарда менен фейерверктерге тыюу салуу боюнча жыл сайын суранып келишет.