Бир суткада 58 адамдан коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жаңы жылдын алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте эки киши каза тапкан.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 358 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Радио
Министр: жазында COVID-19га каршы вакцина алуу пландалууда
Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 604 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Кечээтен бери эки медиктен коронавирус табылган. Бишкекте бир медицина кызматкери ооруну кызыл зонадан илештирип алса, дагы бири Ысык-Көлдөн жуктурган.