Коронавируска салыштырмалуу пневмония көп адамдын өмүрүн алган. Сандар

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 81 214 адамдан табылды. Анын ичинен Бишкек шаарын кошкондо Чүй облусунда эң көп болду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тарта оору жалпы 1 358 адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен 942си пневмониядан (U07.2) көз жумса, 416 бейтап коронавирустан (U07.1) каза тапкан. Бул тууралуу Республикалык штаб жиберген маалыматта айтылат.
Белгилей кетсек, коронавирус лаборатордук (U07.1) жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган (U07.2) болуп экиге бөлүп эсептелет.
Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 81 214 адамдан табылды. Анын ичинен Бишкек шаарын кошкондо Чүй облусунда эң көп учур катталган. Тагыраагы, Чүйдө — 11 553, ал эми Бишкекте — 26 907 киши жуктурган. Экөөнү кошкондо 38 460 адам коронавирус менен ооруган. Дарт көп аныкталган аймактардан экинчи орунга Ош облусу чыккан. Ош шаарынын статистикасын кошкондо бул аймакта 13 768 учур катталган.
Калган аймактарда оору катталган учурлар: