Радио

Талантбеков: "боро" суу жүргүзүүчү жоон түтүк дегенди билдирет

Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков айрымдар "Манасты" баатырдык эпос катары кабылдап, анда бардык тармакты камтыган ойлор бар экенин аңдабай турганын айтты.
Sputnik
"Манас" эпосунда суу өткөргөн түтүк "боро" деген сөз менен берилген. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, эпосту окуган адам сепилдерде азыркы канализациялар болгонун аңдайт.
"Манас" эпосунда "боро" деген сөз бар. Анын мааниси — суу жүргүзүүчү жоон түтүк. Өтмө маанисинде чоң, мормогой дегенди түшүндүрөт. Эпосто ордолордун, хан сарайлардын, шаарлардын сүрөттөлүшүндө "боро" менен суу жүргүзүп, күнүмдүк турмушта колдонгонун бир нече жеринен жолуктурууга болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле манасчы кыргызча оргума деп аталган фонтандарды чыгарууда да "боро" менен суу жеткирилгени эпосто сүрөттөлгөнүн кошумчалады.