Казакстанда өлүм жазасын алып салышты. Бирок бир өзгөчөлүк бар

Өлкө бийлиги адам аскердик жаатта өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп тапса, согуш мезгилинде өлүм жазасын колдонуу укугун өзүнө калтырды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Мамлекет башчысы өлүм жазасынын күчүн жоготууга багытталган жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга Экинчи факультативдик протокол тууралуу мыйзамга кол койду", – деп жазылат Акорда сайтында.
Бир гана өзгөчөлүк — бул согуш мезгилинде өлүм жазасы. Мындай жаза адам согуш мезгилинде аскердик жаатта өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандан кийин гана колдонулат.
Казакстанда 2003-жылы өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген. Акыркы мындай жаза ошол эле жылы аткарылган. Андан кийин өлүмгө өкүм кылынган 100дөн ашуун адам өмүр бою эркинен ажыратылган.
АКШда өлүм жазасына кесилген киши 37 жылдан кийин акталып, абактан чыкты
Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пакт 1966-жылы кабыл алынып, бир жылдан кийин күчүнө кирген. Учурда ага 173 мамлекет кошулган.
Ага өлүм жазасын алып салууга багытталган экинчи факультативдик протокол 1989-жылы 15-декабрда кабыл алынып, 1991-жылы документ күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө 88 мамлекет аталган келишимдин мүчөсү.