БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Борбор калаада эркек кишини сабады деген айып менен күзөт агенттигине тиешелүү Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2-январь таңга маал саат 04:45те милицияга Киев көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде эркек кишини белгисиз бирөөлөр сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Кайгуул кызматынан барышкан. Ал жактан 32 жаштагы жабыркаган адам милицияга арыз жазып, аны эс алуучу жайдын ичинен ГБР кызматкерлери мазактап, сабашканын айткан.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Арыздын негизинде эркек кишини сабады деп шектелип жеке менчик агенттиктин 30 жана 20 жаштагы кызматкерлери кармалган.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.