Дүйнөдөгү эң узак жашаган байбиче 118-туулган күнүн белгиледи

Танака 1903-жылдын 2-январында төрөлгөн. 2018-жылдан бери ал "Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам" наамын алып жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң узак жашаган япониялык Канэ Танака өзүнүн 118-туулган күнүн белгиледи. Бул тууралуу NHK телеканалынын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
Танака 1903-жылдын 2-январында төрөлгөн. 2018-жылдан бери ал "Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам" наамын алып жүрөт.
Дүйнөдөгү эң кары адам узак жашоонун сыры менен бөлүштү
Былтыркы жылдын ноябрь айында "Маинити" гезити дүйнөдөгү эң кары адам 2021-жылы Токиодо өтө турчу спорттук иш-чарада Олимпиада отун тапшыруу аземине катыша тургандыгын жазып чыккан.
Ушул жылдын 11-майында Танака арабага отуруп Олимпиада отун кармап 200 метрди басып өтөрү пландалууда.
Эстафетага Танака 2020-жылы эле катышмак, бирок оюн пандемиядан улам кийинки жылга жылдырылган.