БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында бүгүн өзгөчө булут пайда болду.
Жаратылыштын мындай кооздугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүрөткө тартып алган.
Илимий чөйрөдө мындай формадагыларды лентикулярдык булут деп атап коюшат. Сүрөттө көпкөк асманды жана ага сүрөтчү атайын чиймелеп койгондой булутту көрүүгө болот.
Бүгүн абанын температурасы Чолпон-Ата шаарында 0... 5 градуска чейин жылуу болорун көрсөтүүдө.