БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Электрондук документ түрүндөгү салык отчёттуулугун милдеттүү түрдө тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мөөнөтүн узартуу чечимине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ, 31-декабрда, кол койгон.
Ал эми жеке ишкерлердин аталган саамалыкка өтүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилет.
Отчётту электрондук форматта берүүнүн негизги максаты — кызматтарды онлайн көрсөтүүгө өткөрүү менен ишкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү.