БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бүгүндөн тарта "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирди.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон.
Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2021-жылдын январынан 31-декабрына чейин. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.
Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Декларациялануучу мүлктүн жана анын ээсинин кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин купуялуулугун сактоо болуп саналат.
Ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келери айтылат.
Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.
Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген: