Чет өлкөгө тирүү малды экспорттоого бир жумага уруксат берилди. Себеби

Өкмөттүн жаңы токтому менен 8-январга чейин экспорттоого жол ачылды. Андан соң чектөө кайрадан күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Чет өлкөгө тирүү малды жана айыл чарба азыктарын экспорттоого коюлган чектөө бир жумага алынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик "ДыйканДос" Telegram ботун иштеп чыкты. Кандай жардам берет
Бүгүндөн тарта өкмөттүн жаңы токтому менен аталган продукцияларды 8-январга чейин экспорттоого жол ачылды. Андан соң чектөө кайрадан күчүнө кирет.
"Экспортту тыюу менен маанилүү маалыматтарды чогултуп жана эт, май, жумуртка сыяктуу биринчи керектелүүчү товарлардын баасын төмөндөтө алдык. Биз бир нече жолугушууларды өткөрүп, маалыматтарды дагы бир ирет дыкат иликтеп, көпчүлүктүн талабын аткарууга макул болуп, бир жумалык коридор ачып бердик. Себеби ишкерлер чет өлкөлүктөр менен мурдатан түзүлгөн келишимдери аткарылбай калганын айтышты", — деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.
Ал эми жүгөрү тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгарылган. Себеби ассоциациянын өкүлдөрү жүгөрү расмий маалымат катталгандан алда канча көп экенин айтышкан.